Кыргызстан жана Кытай: инвестициялык кызматташтыктын жаңы багыттары жана бизнес менен түз диалог

Кыргызстан жана Кытай: инвестициялык кызматташтыктын жаңы багыттары жана бизнес менен түз диалог

   

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук  агенттиктин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасына жумушчу сапар менен барышты. Сапардын алкагында Шанхай жана Нанкин шаарларында бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, иш-чара Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга, эл аралык инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кытайлык бизнес-коомчулук менен түз байланыштарды түзүүгө багытталды.

Шанхай шаарында Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Shanghai Minhou Xuyi Business компаниясы тарабынан уюштурулган эл аралык бизнес-форумга катышты. Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты боюнча презентация өткөрүлүп, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу расмий видео-материал көрсөтүлдү. Ошондой эле экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана негизги инвестициялык долбоорлор тааныштырылды. Талкуу практикалык мүнөздө өтүп, кытайлык ишкерлер тарабынан жандуу кызыгуу жаратты.

Иш-чараларда санариптештирүү маселелерине, инфраструктураны өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана ири шаар куруу демилгелерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде экологиялык жактан таза «Асман» жаңы шаарын куруу долбоору тааныштырылды. Бул демилгелер кытайлык ишкер чөйрөлөрдүн олуттуу кызыгуусун жаратып, мындан аркы мазмундуу диалог үчүн негиз болуп берди.

Сапардын алкагында Улуттук агенттиктин өкүлдөрү кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушууларды жана көчмө иш-чараларды уюштурду. Жолугушууларда Кыргыз Республикасынын аймагында инновациялык жана инфраструктуралык чечимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды

Нанкин шаарында Улуттук агенттиктин өкүлдөрү «Асман» жаңы шаарын куруу долбооруна арналган инвестициялык презентациялык иш-чарага өткөрүштү. Кытайлык инвесторлор тарабынан долбоорду ишке ашырууга жогорку кызыгуу көрсөтүлүп, жолугушуулардын жыйынтыгында инвестициялык демилгелерди мындан ары тереңдетип иштеп чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган бир катар кызматташтык документтерине кол коюлду.