Кыргызстан Япониядагы бизнес-коомчулукту бириктирүүдө: Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун делегациясы менен жолугушту

Кыргызстан Япониядагы бизнес-коомчулукту бириктирүүдө: Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун делегациясы менен жолугушту

«Борбордук Азия + Япония» форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров аймактагы экономикалык деңгээлди жогорулатууда тажрыйба алмашууга келген Кыргызстандык бизнес-коомчулуктун делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз бизнесин Япония рыногуна илгерилетүүнүн артыкчылыктуу милдеттери, ошондой эле жапон жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Айрыкча түз чет элдик инвестицияларды тартуу, инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда туруктуу кооперациялык байланыштарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Ата-Мекендик өндүрүштү колдоо, эл аралык форумдарга активдүү катышуусу өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү инструмент экенин белгиледи. Ошол эле учурда бул Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары таанытууга жардам берерине токтолду.