Кыргызстан менен Кытай МЖӨ алкагында жана «Бир алкак — Бир жол» демилгеси çeтегинде жаңы долбоорлорду караштырууда. Улуттук инвестициялар агенттигинде Кытай архитектуралык долбоорлоо академиясынын делегациясы менен жолугушуу өттү. Анда курулуш, шаар куруу жана социалдык турак жай тармагындагы долбоорлор, ошондой эле экспорттук потенциалы бар жыйноочу завод түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Тараптар өз ара кызыгууларын билдирип, кызматташтыктын конкреттүү форматтарын мындан ары иштеп чыгууну макулдашышты.

2025-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде (мындан ары – УИА) УИАнын директорунун орун басары Жалин Жээналиев жана УИАнын алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Нурбек Анарбекин Кытайдын Архитектуралык долбоорлоо жана изилдөө академиясынын (China State Construction Design and Research Institute Co., Ltd.) делегациясы менен жолугушту. Делегацияга чет элдик департаменттин башкы директору мырза Цао Сяньмин жана Чет өлкөлүк курулуш тармагын өнүктүрүү альянсынын өкүлдөрү жетекчилик кылышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш жана шаар куруу тармагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Кыргызстанда социалдык турак жай программаларын ишке ашырууну жана биргелешкен өндүрүш кубаттуулуктарын түзүүнү талкуулашты. Ошондой эле экспорттук потенциалы бар жыйноочу заводду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору катары ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул долбоор инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыгууларын билдиришип, кызматташтыктын конкреттүү форматтарын тереңдетип иштеп чыгууну макулдашышты.