Кыргызстан менен Германиянын фармацевтика тармагындагы инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов немис компаниясы Lenus Health GmbHнин делегация башчысы Сам Азими, German Global Trade Forum Berlin уюмунун өкүлдөрү, China Forum Berlin жетекчиси Эберхард Й. Тремпель жана Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Ленчанка, ошондой эле ОсОО «МедФарм Консалтинг» компаниясынын башкы директору Айзада Арзыматова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө фармацевтика, медициналык буюмдар жана биологиялык активдүү кошулмалар тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттары, ошондой эле эркин экономикалык аймактардын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин колдонуу аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Белгиленгендей, Кыргыз Республикасы Бирдиктүү бажы мейкиндигин жана медициналык буюмдар менен фармацевтикалык продукциялардын жалпы рыногун эске алуу менен Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат.
Германия тарапка инвесторлорду колдоонун иштеп жаткан инструменттери тууралуу маалыматтар берилди, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, алардын артыкчылыктары жана практикалык колдонулушу түшүндүрүлдү.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле ишкер байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында кийинки кыргыз-герман бизнес-форумуна катышууга ниеттерин айтышты.

