Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен инвестициялык кызматташууну кеңейтүүдө

Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр менен инвестициялык кызматташууну кеңейтүүдө

Бүгүн, 1-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Alpac Capital» компаниясынын башкы директору, эл аралык Euronews телеканалынын директорлор кеңешинин төрагасы Педру Варгас Давид жана «Alpac Capital» компаниясынын инвестициялар боюнча директору Питер Ваджай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу жана артыкчылыктуу тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык потенциалын, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашырылып жаткан стратегиялык долбоорлорду сунуштады.

«Кыргыз Республикасы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө ачыкпыз жана экономиканын туруктуу өнүгүшүнө багытталган инвестициялык демилгелерди колдоого даярбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.