КЫРГЫЗСТАН ЭКСПО 2025

КЫРГЫЗСТАН ЭКСПО 2025

 

Бүгүн, 13-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы экспортту өнүктүрүү борбору — “Кыргыз Экспорт” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “Кыргызстан Экспо” аталышында ири көргөзмө өткөрүүдө.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев расмий түрдө ачып берип, ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров да катышууда.

Равшанбек Сабиров өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик — бирдиктүү инвестициялык саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган катары, Кыргызстанды инвестициялар, инновациялар жана эл аралык өнөктөштүк үчүн ачык өлкө катары туруктуу түрдө даңазалап келет.

Анын айтымында, жетишкендиктердин арасында өзгөчө белгилөөгө тийиш окуя — Япониянын Осака шаарында өткөн дүйнөлүк «ЭКСПО-2025» көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасына «Empowering Lives» («Жашоону жакшыртуу») номинациясы боюнча ыйгарылган Алтын сыйлык болуп саналат.

“Бул жогорку эл аралык баа — Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде өзүнүн потенциалын, маданиятын жана туруктуу өнүгүү идеяларын татыктуу көрсөтө аларынын далили. Биз азыртан эле 2030-жылы Эр-Рияд шаарында өтө турган «ЭКСПО-2030» көргөзмөсүнө катышууга даярдыктарды баштадык. Ал «Эртеңки күнгө көз караш» деген ураан алдында өтөт. Кыргызстан бул ири эл аралык иш-чарада өзүнүн жаңы, заманбап жүзүн — динамикалуу өнүгүп жаткан жана дүйнөгө ачык мамлекет экенин көрсөтүүнү максат кылууда,” — деди Равшанбек Сабиров.

Иш-чаранын негизги максаты — ата-мекендик өндүрүшчүлөрдү, экспортко багытталган компанияларды, ошондой эле чет элдик ишкерлерди жана расмий делегацияларды бирдиктүү аянтчага чогултуу аркылуу өз ара кызматташууга өбөлгө түзүү.