Кыргызнефтегаз» Инвестициялык форуму


Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда «Кыргызнефтегаз» Инвестициялык форуму болуп өттү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов өз сөзүндө мунай-газ тармагынын потенциалын көрсөтүү, заманбап технологияларды илгерилетүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн негизги аянтча катары форумдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Энергетика тармагы, анын ичинде мунай-газ өнөр жайы, инвестиция тартуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири экени жана мамлекет инвесторлорду идеядан тартып долбоорду ишке ашырууга чейин ар тараптуу колдоого ала тургандыгын айтты.
2025-жылдын август айында күчүнө кирген «Инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдары, ошондой эле даярдалып жаткан «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору менен байланышкан реформаларга көңүл бурулду. Бул демилгелер инвесторлор үчүн заманбап жана ачык шарттарды түзүп, Кыргызстандын региондогу эң жагымдуу инвестициялык багыттарынын бири катары позициясын бекемдейт.
Форумдун алкагында мунай-газ тармагындагы геологиялык чалгындоодон тартып казып алуу жана кайра иштетүүнү модернизациялоого чейинки келечектүү долбоорлор, ошондой эле «Тамчы СФИТ» инвестициялык зонасы, «Ала-Тоо Резорт» кластери жана «Асман сити» долбоору сыяктуу улуттук демилгелер тааныштырылды.
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасында иштин бардык этаптарында инвесторлор менен ачык диалогго, кызматташууга жана коштоо иштерине даяр экенин билдирди.