Кыргыз Республикасынын Президентинин Пакистанга расмий сапарынын алкагында кыргыз делегациясынын Исламабаддагы өнөр жай-технологиялык объекттерге баруусу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Пакистанга расмий сапарынын алкагында кыргыз делегациясынын Исламабаддагы өнөр жай-технологиялык объекттерге баруусу

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына расмий сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кыргыз делегациясынын Исламабаддагы өнөр жай-технологиялык объекттерге баруусун уюштурду.

Таанышуу сапарынын программасы Пакистандын негизги өндүрүштүк жана илимий изилдөө мекемелерине барууну камтыды:

  • Пакистан гидрокарбандарды иштеп чыгуу институту (Hydrocarbon Development Institute of Pakistan, HDIP), H-9/1, Исламабад;
  • Фармацевтикалык компаниясы Bio-Labs (Pvt) Ltd, Өнөр жай үч бурчтугу, Кахута жолу, Исламабад;
  • Пакистандын Соода-өнөр жай палаталарынын Федерациясы Пакистана (FPCCI), Capital House, G-8, Исламабад.

Иш сапардын жүрүшүндө делегацияга ишканалардын ишмердүүлүгү, алардын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүштүк кубаттуулугу, мамлекеттик колдоо чаралары жана экспорттук потенциалы тааныштырылды. Кыргыз тарап Пакистандын өнөр жай, фармацевтика жана илимий-техникалык иштелмелер жаатындагы алдыңкы тажрыйбалары менен таанышты.

Мындан тышкары, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жолугушуулар өтүп, алардын жыйынтыгында өнөр жай, фармацевтикалык өндүрүш, илимий-техникалык алмашуу жана өз ара инвестицияларды илгерилетүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча алгачкы макулдашууларга жүрүп, ишкердик байланыштар түзүлдү.

Кыргыз Республикасы Пакистан менен жеке сектор, тармактык бирикмелер жана өнүктүрүү институттарынын деңгээлинде кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоодо жана өнөр жай менен жогорку технологиялык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болду.