Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басарынын “Каракол” жана “Нарын” ЭЭЗдерине жумушчу визити жөнүндө
2025-жылдын 9-10-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары
Д.Ж. Бикулов Ысык-Көл жана Нарын облустарына иш сапары менен барып, анын алкагында “Каракол” жана “Нарын” эркин экономикалык зоналарынын Башкы дирекцияларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
ЭЭЗдердин жетекчилиги менен жолугушуулардын жүрүшүндө зоналардын иштөө маселелери, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы, ошондой эле өнөр жай, логистикалык жана туристтик инфратүзүмдү мындан ары өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды. Ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ЭЭЗ ишмердигинин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулду.
Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Д.Ж. Бикулов аймактык деңгээлде инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эркин экономикалык аймактардын ишкердик активдүүлүккө дем берүүнүн жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн натыйжалуу куралы катары ролун баса белгиледи.
Башкы дирекциялардын жетекчилери иштеп жаткан ишканалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүү боюнча пландар тууралуу маалымат беришти. Талкуунун жүрүшүндө Башкы дирекциялардын жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү маселелери козголуп, Улуттук агенттик тарабынан мындан аркы колдоонун мүмкүн болгон багыттары аныкталган.
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын региондорунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында эркин экономикалык зоналарды мындан ары өнүктүрүү жана мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдары менен координациялоону күчөтүү боюнча сунуштар берилди.