Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров 2025-жылдын 3-сентябрында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун ири долбоорлорунун бири — «Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетин Инновациялык билим берүү кластерин түзүү жолу менен модернизациялоо» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча жыйын өткөрдү.

Долбоор ишке ашырыла баштагандан тарта КРЭУнун чыгыш канаты реконструкцияланып, модернизацияланды. Анын базасында Эл аралык инновациялык стартап-борбор ишке кирди. Ошондой эле коммуналдык тармактар, ирригациялык система жаңыланып, кире бериш жолдору оңдолуп, айлана-чөйрө жашылдандырылды.

Долбоордун негизги элементи болуп борбор калаадагы 30 жылдан ашык авариялык абалда турган тарыхый имаратты калыбына келтирүү болду. Бүгүн бул мейкиндик билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү жана ишкердикти бириктирген инновациялык хабга айланды.

Долбоор колдонмо илим-изилдөөлөргө, инновацияларга жана аларды коммерциялаштырууга негизделген жаңы үлгүдөгү университетти калыптандырууга багытталган. Анын негизги максаты — КРЭУну илимий-изилдөө университети деңгээлине чыгаруу, аны илимди, технологияны жана бизнести интеграциялоочу платформага айлантуу. Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 90 млн сомдон ашты. Келишимдин мөөнөтү — 25 жыл.

Долбоордун ишке ашырылышында өзгөчө ролду жеке өнөктөш — коммерциялык эмес билим берүү мекемеси «Эл аралык билим берүү академиясы» ойнойт, ал пилоттук билим берүү демилгелерин киргизүүчү аянтча болууга даяр экенин билдирди.

Равшанбек Сабиров Кыргызстанда квалификациялуу кадрларга болгон муктаждык күчтүү экенин белгилеп, мындай долбоорлор бул маселени чечүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди. Ал заманбап жаштардын креативдүүлүгү жана жаңы билимдерди тез өздөштүрүү жөндөмү жогору экенин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда Равшанбек Сабиров уникалдуу жана келечектүү долбоорду ишке ашырган өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, анын билим берүү системасынын жана өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.