Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Сабиров Равшанбек Азатовичтин куттуктоосу:
Урматтуу кесиптештер жана өнөктөштөр, кымбаттуу достор!
Сиздерди келе жаткан 2026-Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Өтүп бара жаткан жыл биргелешкен, мазмундуу иштердин, маанилүү чечимдердин жана олуттуу жыйынтыктардын жылы болду. Кыргыз Республикасынын жагымдуу инвестициялык климатын калыптандырууга, ошондой эле биргелешкен долбоорлорубузду ишке ашырууга кошкон салымыңыздар, ишенимиңиздер жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем.
2026-жыл туруктуулукту, эртеңки күнгө болгон ишенимди, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жетишкендиктерди алып келсин. Ар бир үйдө жылуулук, бакубатчылык жана ынтымак өкүм сүрсүн. Жаңы жылыбызда өз ара кызматташтыгыбыз жана өнөктөштүгүбүз мындан ары да бекемделип, конкреттүү жана өз ара пайдалуу натыйжаларды алып келет деп ишенем.
Сиздерге чың ден соолук, ийгиликтүү долбоорлорду жана коюлган максаттарды ишке ашырууда чоң жетишкендиктерди каалайм.
Жаңы жылыңыздар менен!