Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ош облусундагы «Евразия Групп» тигүү фабрикасына барды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ош облусундагы «Евразия Групп» тигүү фабрикасына барды

 

Бүгүн, 31-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров иш сапары менен Кара-Суу районунун Карашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Евразия Групп» компаниясынын тигүү фабрикасына барды.

Иш сапар тигүү фабрикасынын экинчи этабын куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышууга багытталган. Долбоор боюнча биринчи жана кийинки этаптарды кошкондо инвестициянын жалпы көлөмү 40 млн АКШ долларын түзөт.

Экинчи этаптын алкагында төмөнкү иштер каралган:
* иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү;
* кошумча тигүү цехтерин куруу;
* заманбап боё цехин ишке киргизүү.

Бул этаптын ишке ашырылышы текстиль кездемесин өндүрүүдөн тартып даяр продукцияны тигүүгө чейинки толук өндүрүштүк циклди түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул, өз кезегинде, текстиль продукциясынын импортунан көз карандылыкты олуттуу түрдө кыскартып, өндүрүштү локалдаштыруунун деңгээлин жогорулатат.

Мындан тышкары, долбоор олуттуу социалдык-экономикалык натыйжага ээ. Фабриканы кеңейтүүнүн натыйжасында 600дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул Кара-Суу районунун жана жалпы Ош облусунун өнүгүүсүнө маанилүү салым болот.

Равшанбек Сабиров долбоордун Кыргызстандын жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдөгү стратегиялык маанисин белгилеп, региондорду өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган инвестициялык демилгелерге мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.