Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин башчысы Кытай компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
16-октябрда Шанхайда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечегин жана долбоорго мүмкүн болуучу инвестицияларды талкуулашты
«Asman City» — заманбап шаар куруу стандарттары боюнча түзүлүп жаткан келечектеги акылдуу шаар;
«Тамчы» (СФИТ) атайын аймагы — региондун инновациялык жана туристтик өнүгүүсүнүн жаңы кыймылдаткычы болууга багытталган долбоор;
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу — регион үчүн жаңы транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачкан эл аралык маанидеги негизги инфраструктуралык долбоор;
«Үч чокуу» лыжа комплекси — дүйнөлүк деңгээлдеги кышкы туризм жана спорттук иш-чаралар борбору болуп саналат.
Чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, “жашыл” энергетиканы, индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө, санариптик трансформацияга жана туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш сапарынын алкагында агенттиктин башчысы Кытайдагы алдыңкы күн панелдерин өндүрүүчүлөрдүн бири Екум компаниясына да барды. Жолугушууда кайра жаралуучу энергетика тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында күн микростанцияларын куруу демилгеси сунушталды. Биринчи пилоттук долбоор Баткен облусунда ишке ашырылууда, анын жалпы кубаттуулугу 1,8 гигаватт, ал эми биринчи этабы — 600 киловатт. Өзбекстанда ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар, анда орнотмолордун кубаттуулугу 2 гигаваттка жетет.
Сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар инновациялар жана жашыл технологиялар чөйрөсүндө мындан аркы кызматташууга жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.