Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте Улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров менен Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) Кыргызстандагы координатору Мехмет Бодур мырзанын ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар Улуттук агенттик менен TIKAнын ортосундагы ар кандай багыттар боюнча, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргыз тарап TIKAнын Анкарадагы башкы кеңсесинин кароосуна келечектүү МЖӨ долбоорлорунун тизмесин 2026-жылдын биринчи жарымында ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында берүүгө даяр экенин билдирди.
Улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров Мехмет Бодур мырзага кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, Улуттук агенттик менен TIKAнын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүүнү сунуштады. Биргелешкен ишти натыйжалуу координациялоо үчүн тараптар эки уюмдун өкүлдөрү менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты.
Жаш инженерлерди жана инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуучуларды колдоого багытталган ири эл аралык иш-чара болгон TEKNOFEST аэрокосмостук жана технологиялык фестивалын Кыргыз Республикасында өткөрүү идеясына өзгөчө көңүл бурулду. Фестиваль энергетиканы жана жашыл технологияларды жайылтуу, ошондой эле кыргыз экономикасынын жогорку технологиялык тармактарына жаңы инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү аянтчага айланышы мүмкүн.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө ишеним билдиришип, бул багыттар боюнча практикалык консультацияларды улантууга макулдашышты.