Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кытай компанияларынын өкүлдөрү менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кытай компанияларынын өкүлдөрү менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду

    


         Бүгүн, 2-февралда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Shanghai Minghou Xufu Business Consulting Management Co., Ltd., Anté Lingkun (Shanghai) Technology Co., Ltd. Компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Кытай делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон сапары 2026-жылдын январь айында Шанхай борбордук азиялык илимий-технологиялык жана соода-экономикалык форумуна Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрүнүн Шанхай шаарында өткөн катышуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы болду. Форумдун алкагында тараптар кызматташууну практикалык этапка өткөрүү үчүн негизги макулдашууларга жетишкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптештирүүгө, туруктуу өнүгүүгө жана шаардык, социалдык инфраструктураны модернизациялоого багытталган конкреттүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Токмок шаарынын аймагында ишке ашырууга мүмкүн болгон демилгелерди талкуулашты. Атап айтканда, төмөнкү долбоорлор каралды:

* экологиялык таза жана интеллектуалдык технологияларды, анын ичинде инфраструктураны башкаруунун санариптик системаларын колдонуу аркылуу туруктуу шаардык чөйрөнү түзүүнү көздөгөн «Глобалдык экологиялык шаар» долбоору;

* бизнес-процесстерди жана сооданы интеграциялоого багытталган заманбап электрондук жана сервистик экосистеманы түзүүнү караган «Санариптик инновациялык электрондук соода платформасы» долбоору;

* шаардык транспорттук инфраструктуранын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн санариптик жана интеллектуалдык чечимдерди киргизүүнү көздөгөн «Интеллектуалдык шаардык коомдук транспорт системасы» долбоору;

* санариптик технологияларды, телемедицинаны жана интеллектуалдык башкаруу системаларын колдонуу менен заманбап медициналык-сервистик кластерлерди түзүүгө багытталган «акылдуу медициналык шаарлар» долбоору.

«Биз үчүн инвестициялык долбоорлор концепция деңгээлинде калбастан, практикалык ишке ашырууга өтүүсү өтө маанилүү. Кыргыз Республикасы конкреттүү натыйжа берген жаңы технологияларды, жумуш орундарын жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууну камсыз кылган өнөктөштүккө кызыкдар. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында демилгелерди ишке ашырууга ар тараптуу институционалдык колдоо көрсөтүүгө даяр”-деп, баса белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен кытай компанияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда инвестициялык жана технологиялык кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү биргелешкен долбоорлорду коштоп жүрүүгө багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Тараптар мындан аркы практикалык кызматташууну улантууга, деталдуу долбоордук сунуштарды даярдоого, инвесторлорду жана технологиялык өнөктөштөрдү тартууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.