Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн санариптик чечимдерди киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн санариптик чечимдерди киргизүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестициялык инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу жана инвесторлор үчүн шарттарды жакшыртуу максатында санариптик инструменттерди киргизди.

«Түндүк» ААК менен биргеликте «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу долбоору жүргүзүлүүдө. Аталган системаны 2026-жылы ишке киргизүү пландалган. Ал «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштеп, арыздарды электрондук түрдө тапшырууну, инвестициялык долбоорлорго онлайн жеткиликтүүлүктү, маалыматтарды борборлоштурууну жана мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияны камсыздайт.

Автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жогорулатып, административдик мөөнөттөрдү кыскартат жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай системаны түзүү инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды калыптандырып, инвесторлордун ишенимин арттырат жана өлкө ичинде инвестициялык чөйрөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Учурда долбоорду ишке ашыруунун беш этаптан турган планынын үчүнчү этабы аяктады. Бул этапта системаны мындан ары өркүндөтүү боюнча негизги сунуштар талкууланды.

Долбоорду ишке ашыруу заманбап санариптик инвестициялык экосистеманы калыптандырууга, инвесторлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнө ыңгайлуу, ачык жана узак мөөнөттүү кызматташууга багытталган.