Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Хуа Руй”долбоорунун ишке ашырылышы менен жеринде таанышып чыкты




Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан, кубаттуулугу жылына 300 000 м3 автоклав газобетонун (ТКП) өндүрүү жана заводду куруу боюнча “Хуа Руй” ЖЧКнын инвестициялык долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.
Иш сапардын жүрүшүндө КРП ИУАнын директору Равшанбек Сабиров курулуш иштеринин учурдагы абалы, өндүрүштүк жайлардын даярдыктары менен таанышып, ошондой эле компаниянын жетекчилиги менен долбоорду андан ары ишке ашыруунун негизги этаптарын, мөөнөттөрүн жана уюштуруу маселелерин талкуулады.
Равшанбек Сабиров белгилегендей, 2025-жылдын 12-августунда кабыл алынган №198 «Инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамына ылайык, КРП ИУА инвестициялык долбоорлордун мониторингин жана коштоосун, анын ичинде аларды ишке ашыруунун жүрүшүн жеринде текшерүүнү жүзөгө ашырат; мында мыйзам инвесторлорду коргоонун укуктук кепилдиктерин бекемдейт, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү жумушчу күчүн тартуу боюнча милдеттерди карайт.
Бүгүнкү күнгө карата объектте иштин олуттуу көлөмү аткарылды:
* 8000 м2 аянттагы курулуш-монтаждоо иштери аяктады;
* технологиялык жабдуулар үчүн пайдубалдын даярдыгы 90% ды түзөт%;
* 8000 м2 өндүрүш корпусу 90% даяр;
* технологиялык жабдууларды монтаждоо 60% га аткарылган;
* жети автоклав, эки шар тегирмен, казан жабдуулары, генератор топтому жана бөлүштүрүү пункту толугу менен орнотулган.
“Хуа Руй” долбоору автоклавдуу газобетонду өндүрүү боюнча заманбап жогорку технологиялык комплексти курууну карайт, бул өнөр жайды өнүктүрүүгө, курулуш секторуна, импортту алмаштырууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошот. Долбоорду ишке ашыруу региондун экономикалык өсүшү жана өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик курулуштун бардык этаптары толук аяктаганга жана ишкананы эксплуатацияга киргизгенге чейин бул долбоорду коштоону жана мониторинг жүргүзүүнү улантат. Ошол эле учурда долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле инвесторлорду колдоо, ачык-айкын шарттарды камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасында ири инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет.