Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик АКШнын алдыңкы компаниялары менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоодо





Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте АКШнын алдыңкы компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өттү. Жолугушууларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, банк секторунун жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
АКШ делегациясынын курамына АКШ–Кыргызстан Ишкердик кеңешинин, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржы корпорациясынын (DFC), Невада университетинин (Рино), Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештердин, ошондой эле GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC, TETHYS: Trans-Eurasian Gateway компанияларынын өкүлдөрү кирди.
“Биз үчүн Кыргызстанда тарыхый жактан Чыгыш менен Батышты байланыштырган жана бүгүн да диалогго, кызматташууга, өз ара пайдалуу өнөктөштүккө ачык болгон өлкөдө сиздерди кабыл алуу чоң сыймык. Инвестиция тартуу стратегиялык артыкчылык жана туруктуу экономикалык өсүштүн негизги фактору болуп саналат. Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүктү жогору баалайт жана учурдагы этапты эки тараптуу кызматташуунун жаңы деңгээли катары карайт. Өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнес үчүн ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүү, ошондой эле инвесторлорду коштоп жүрүү багытында ырааттуу реформалар ишке ашырылууда. Биз экономиканын артыкчылыктуу тармактарында практикалык кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ачыкпыз”, — деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Тараптар кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык, технологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Америкалык компаниялар инвестициялык демилгелерин сунуштап, Кыргыз Республикасынын рыногунда өз катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү мамлекеттик инвестициялык саясаттын артыкчылыктары, жеткиликтүү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана чет өлкөлүк инвесторлорду колдоонун иштеп жаткан механизмдери тууралуу маалымат беришти.
АКШ делегациясы Кыргыз Республикасын Борбордук Азияда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн регионалдык платформа катары кароого даяр экенин билдирип, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик төмөнкү компаниялар менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду:
- Equion Group
• Pangea-Global LLC
• Mooney Group
• StrategEast
• Nasdaq
• Valmont - Concrete Engine
Кол коюлган документтер тараптардын өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү ниеттерин бекемдейт.