Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2026-жылдын 26-январынан 4-февралына чейин административдик мамлекеттик кызматтардын улук жана башкы тобуна кадрлар резервин түзүү үчүн сынак жарыялайт.
Административдик кызматтардын улук тобуна (У-Б) карата жалпы квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
- Билими
Педагогикалык билим берүү чөйрөсүндөгү жогорку билим: педагогика (кыргыз тили); «Гуманитардык илимдер» багыты боюнча: филология, лингвистика, журналистика.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы иш стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик тармактагы иш стажы 3 жылдан кем эмес.
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 202-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”;
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобосу;
ошондой эле:
– мамлекеттик тилди билүү денгээли (С1) деңгээлинен төмөн эмес;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү;
– башка чет тилдерди билүү (артыкчылык берилет);
– билгичтиги:
– мамлекеттик тилде документтерди түзүү жана которуу, расмий-иштиктүү адабий жазуу жана оозеки тилди колдонуу;
– мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
– мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү;
– мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү;
– маалыматты жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– өз алдынча жана командада иштөө;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
– көндүмдөр:
– ишти пландаштыруу жана кызматтык убакытты туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;
– компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү.
Административдик кызматтардын башкы (Башчысы) тобуна (Б-А) карата жалпы квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
- Билими
– «Экономика жана башкаруу» чөйрөсүндөгү жогорку билим: «экономика», «финансы жана кредит», «бизнести башкаруу», «менеджмент» багыттары боюнча; «гуманитардык илимдер» чөйрөсүндөгү жогорку билим, «эл аралык мамилелер», «юриспруденция» багыттары боюнча.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик тармактагы иш стажы 5 жылдан кем эмес
- Кесиптик компетенттүүлүгү:
– Төмөкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген 202-жылдын 3-мартындагы № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы”
Предметтик мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси,
– Кыргыз Республикасынын «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө»; «Инвестициялык фонддор жөнүндө»; «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө»; «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө», «Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»; мыйзамдары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы №255 токтому менен бекитилген кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө жобосу;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жана 2021-жылдын 29-январындагы № 3 «Менчикти коргоо жана ишкерлерди, инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыктары;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Инвестициялык долбоорлордун артыкчылыктуу ишмердүүлүк түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө» 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503, «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө» 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 токтомдору.
– билгичтиги:
– мамлекеттик тилди билүүсү 2025-жылдан тартып — орто деңгээлден (В1) төмөн эмес, 2027-жылдан тартып — ортодон жогорку деңгээлден (В2) төмөн эмес;
– башка чет тилдерди орто деңгээлден жогору билүүсү;
– ишмердиктин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– структуралык бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө болгон мамилелерди талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интеграциялоо;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
– коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
– өз ишин жана структуралык бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
– көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– структуралык бөлүмдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кол алдындагыларга сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын кол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө).
– маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
– натыйжалуу мамилелерди куруу, иш этикетинин ыкмаларын өздөштүрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында сүйлөө жана иш кагаздарын жүргүзүү;
– компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл программалык көндүмдөрдү билүү;
Конкурска катышууну каалаган жарандар “e-Kyzmat ” https://kyzmat.gov.kg мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет:
– өзүнүн арызы;
– кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча 2 дана сүрөт (3*4)
– сүрөтү бар резюме (электрондук почтаны жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– жогорку билимин тастыктаган документ, тиркемелери менен;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
– мамлекеттик жана чет тилдери боюнча сертификат (бар болсо);
Байланыш үчүн телефондор: (0312) 30-04-22, 62-23-07.
Конкурска катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1, 9-кабинет (Кадрлар бөлүмү).
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 26-январынан
4-февралын кошо эсептөө менен саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Эскертүү: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.