Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2025-жылдын жыйынтыктарын чыгарып, 2026-жылга карата пландарын тааныштырды




Бүгүн, 29-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 2025-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына жана 2026-жылга карата пландары тууралуу пресс-конференция өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров, ошондой эле башчынын орун басарлары Дамирбек Бикулов жана Жалын Жээналиев катышты.
Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук агенттиктин жетекчилиги инвестицияларды тартуу, инвестициялык долбоорлорду коштоп жүрүү, инвесторлор менен өз ара аракеттенүү жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу багытында 2025-жылы жетишкен ийгиликтер, негизги жыйынтыктар тууралуу маалыматтарды берди. Ошондой эле ишке ашырылган жана учурда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор боюнча негизги көрсөткүчтөр айтылды.
Мындан тышкары, 2026-жылга карата Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары тааныштырылды. Алардын катарында инвестициялык климатты мындан ары да жакшыртуу, эл аралык инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлорду системалуу коштоп жүрүү, ошондой эле инвесторлорду колдоо жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү каралган.
Иш-чаранын соңунда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, анда инвестициялык саясаттын актуалдуу маселелери жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык өнүгүүсүнүн келечеги боюнча жооптор берилди.