Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору карылар үйүнө барды
Бүгүн, 2025-жылдын 1-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Сабиров Равшанбек Азатович Бишкек шаарындагы «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн муниципалдык социалдык стационардык мекемесине барды.
Сапардын жүрүшүндө Равшанбек Азатович Сабиров Улуттук агенттиктин атынан азык-түлүктөрдү тапшырды. Иш-чаранын максаты – улуу муунга урмат-сый жана ыраазычылык билдирүү, ошондой эле өзгөчө көңүл бурууга жана колдоого муктаж адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү.
Директор өз сөзүндө улуу муунду улуттук байлык катары сыйлоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал карыялар «үйдүн куту, элдин берекеси» экенин белгилеп, алардын акыл-насааты, кеңештери жана нуска кептери жаш муунга жол көрсөтүүчү болуп кала турганын айтты. Директор карыларга кам көрүү бир күн менен чектелбестен, үзгүлтүксүз болушу керектигин баса белгилеп, аларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалады.
«Кары-картаңдарга көңүл буруу жана урмат көрсөтүү бир гана күн менен чектелбеши керек. Ар бирибиз алардын абалын сурап, батасын алып, кам көрүүгө милдеттүүлүгүбүз. Биз мындай демилгелерди колдоп, социалдык маселелерге көңүл бурууну улантабыз», – деди Сабиров Равшанбек Азатович.
Социалдык стационардык мекемесинин жетекчилиги жана жашоочулары көрсөтүлгөн көңүл буруу жана жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындай зыяраттар кошумча колдоо гана болбостон, жылуу маанай жана камкордукту жаратаарын баса белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууну улантат. Бул иш-чаралар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоонун жана улуу муунду сыйлоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.