КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Борбордук Азия + Япония бизнес-форумунун алкагында Япония–Монголияга таандык InvesCore Financial Group (ICFG) компаниясы менен Токио шаарында жолугушту

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлоруна инвестиция салуу келечегин талкуулашты. Айрыкча инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай, каржы сектору жана өлкө экономикасы үчүн жогорку мультипликативдик таасирге ээ болгон долбоорлорду колдоо маселелерине көңүл бурулду. Узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү, инвестицияларды коргоо механизмдери жана эл аралык капиталдын катышуусу менен туруктуу бизнес-моделдерди түзүү боюнча өзүнчө баса белгиленди.
Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатын тааныштырып, ишкердик чөйрөнү жакшыртууга, экономиканы либералдаштырууга, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кепилдиктерди кеңейтүүгө багытталган реформалар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын стратегиялык географиялык жайгашуусу, Борбордук Азиянын рынокторуна чыгуу үчүн келечектүү аянтча катары ролу жана энергетика, агроиштетүү, логистика жана каржы кызматтары тармагындагы олуттуу потенциалын айтты.
InvesCore компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары терең изилдөөгө жана тиешелүү мамлекеттик органдар, ошондой эле өлкөнүн бизнес-коомчулугу менен диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирди.
Бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы экономикалык жана инвестициялык кызматташууну чыңдоодо, ошондой эле Кыргызстанды эл аралык инвесторлор үчүн ишенимдүү жана ачык өнөктөш катары илгерилетүүдө маанилүү кадам болду.