Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Борбордук Азия + Япония» эл аралык бизнес-форумунда уюштуруучулардын бири болуп эсептелинет.








Токио шаарында өтүп жаткан форум Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жана мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирет. Бул форумга Кыргызстандан элүүгө жакын бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Борбордук Азия + Япония» форматы конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө, өнөктөштүк байланыштарды чыңдоодо маанилүү экенин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Япония менен кызматташтыкты тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу инвестициялык жана инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгилейт.
Форумдун ишкердик программасынын алкагында туруктуу өнүгүү, «жашыл» экономиканы калыптандыруу, санариптештирүү, IT-индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле адамдык капиталды жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери каралат.
Иш-чаранын негизги максаты эки тараптуу документтерге кол коюу менен, тараптардын өз ара ишениминин жогорку деңгээлин жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө умтулуусуна багытталган.
Бизнес-форумдун алкагында 20дан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлду.
«Борбордук Азия + Япония» бизнес-форумун өткөрүү тараптардын соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана Кыргыз Республикасы менен Япониянын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө болгон умтулуусун көздөйт.