Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду

2026-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул келишим Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагында суткасына 3200 тонна клинкер чыгаруу кубаттуулугуна ээ цемент заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну көздөйт.

Инвестициялык келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин башчысы Р.А. Сабиров, ал эми «ШАНФЭН ЗЭТ ЦЕМЕНТ» ЖЧКсынын атынан башкы директордун орун басары Хуа Цзяньфэй кол койду.

Долбоорго жумшала турган инвестициянын көлөмү 137,6 млн АКШ долларын түзөт.