Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Италия Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Италия Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Италия Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда туруктуу иш алып барууну улантууда. Эл аралык инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралууда.

Инвестициялык кызматташтыкты укуктук жактан бекемдөөнүн маанилүү кадамы катары Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуунун ратификациясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аяктоодо. Бул документ инвесторлор үчүн пайдалуу жана алдын ала болжолдоп боло турган шарттарды түзүүгө, ошондой эле эки өлкө ортосундагы инвестициялык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.

Биргелешкен демилгелерди алдыга жылдыруу максатында Улуттук агенттик макулдашылган долбоорлорду коштоп, италиялык өнөктөштөр менен институттук жана бизнес деңгээлиндеги туруктуу диалогду колдоодо.

TRITOR компаниясы менен кызматташтык

Кыргызстанга келген TRITOR италиялык компаниясынын делегациясы менен Улуттук агенттикте Токмок, Каракол, Ош, Кара-Балта жана Бишкек шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышкан жолугушуулар болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар заманбап италиялык технологияларды колдонуу менен катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү ишкананы куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Сапардын алкагында италиялык тарапка долбоорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк катары Токмок жана Кара-Балта шаарларындагы катуу тиричилик калдыктарынын полигондору көрсөтүлдү. Долбоордун алдын ала инвестициялык көлөмү 10–12 млн евро деп бааланууда. Италиялык тарап жер тилкесин 30 жылга чейин узак мөөнөттүү ижарага алуу боюнча кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары Чүй облусунун медициналык мекемелеринин бирине медициналык калдыктарды кайра иштетүү үчүн жабдууларды жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Жабдуулардын болжолдуу баасы 700 миң АКШ долларын түзөт. Компания долбоордун социалдык жактан маанилүүлүгүн эске алуу менен жеткирүүнүн атайын шарттарын карап чыгууга даярдыгын билдирди.

Азыркы учурда тараптар инвестициялык макулдашууну даярдоо боюнча консультацияларды улантууда.

Италиялык бизнес коомчулугу менен диалог

Улуттук агенттик ошондой эле помидор продукциясын өндүрүүгө адистешкен Valli Estensi компаниясы менен жолугушту. Италия тарапка Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы, анын ичинде агроөнөр жай секторунун мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Компания кызматташуунун келечегин мындан ары изилдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп,  кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары жана бизнес өнөктөштүктүн форматтары талкууланды.

Ошондой эле Италиянын Казакстандагы элчилигинин орун басары, италиялык компанияларды чет өлкөлөрдө илгерилетүү жана интернационалдаштыруу агенттигинин кеңсесинин директору, Италия элчилигинин консулдук бөлүмүнүн өкүлдөрү катышкан жолугушуулар өттү. Италиялык тарап Кыргыз Республикасын Италия үчүн 15 артыкчылыктуу өлкөнүн катарына кирерин белгилеп, экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди

Өзгөчө көңүл «Борбор Азия + Италия» форматындагы бизнес-форумду өткөрүү демилгесине бурулду. Кыргыз тарап аталган иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Кызматташтык перспективалары

Кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү максатында Улуттук агенттик Италиянын профилдик өнүгүү институттары менен байланыш түзүүгө, анын ичинде Италиянын соода жана инвестиция агенттиги жана FederUnacoma ассоциациясы менен байланышууга, ошондой эле кызыкдар компаниялардын өкүлдөрү менен тематикалык онлайн-жолугушууларды өткөрүүгө демилгелерди баштады.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик италиялык өнөктөштөр менен кызматташууда ачык-айкындык жана өз ара пайдалуулук принциптерин белгилеп, Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча активдүү ишин улантат.

Национальное агентство по инвестициям Кыргызской Республики расширяет сотрудничество с Итальянской Республикой

Национальное агентство по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики продолжает последовательную работу по реализации договорённостей, достигнутых в рамках официального визита Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Итальянскую Республику. Развитие двустороннего инвестиционного сотрудничества рассматривается как одно из приоритетных направлений внешнеэкономической политики страны.

Важным шагом в укреплении правовой базы инвестиционного сотрудничества завершается ратификация Соглашения между Кыргызской Республикой и Итальянской Республикой о поощрении и взаимной защите инвестиций в Жогорку Кенеше Кыргызской Республики. Документ направлен на создание благоприятных и предсказуемых условий для инвесторов, а также на укрепление инвестиционного партнёрства между двумя странами.

В целях продвижения совместных инициатив Национальное агентство осуществляет сопровождение согласованных проектов и поддерживает регулярный диалог с итальянскими партнёрами на институциональном и деловом уровнях.