КРП ИУА менен Hubei Azhi Construction Engineering Co., Ltd. кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
Бүгүн, 6-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (КРП ИУА) менен Кытайдын Hubei Azhi Construction Engineering Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Hubei Azhi Construction Engineering Co., Ltd. Кытай Эл Республикасында катталган ишкана жана курулуш, инфраструктура, энергетика, өнөр жайды өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу тажрыйбага ээ. «Бир кур — бир жол» демилгесинин алкагында компания Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки продукциясын кайра иштетүүчү фабрика куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.
Тараптар инвестициялык климатты изилдөө, өндүрүштүк аянтчаны тандоо, ошондой эле инвестициялык жол-жоболорду коштоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашышты. Долбоорду ишке ашыруу түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. КРП ИУА инвесторго долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.