КРП ИУА башчысынын Монголиянын Элчиси менен жолугушуусу
![]()
![]()
![]()
![]()
Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын 24-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Монголиянын Инвестициялар жана соода боюнча улуттук агенттигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар өнөр жай, айыл чарба, туризм, «жашыл» экономика жана санариптик өнүгүү тармактарында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
«Кыргызстан менен Монголияны көп кылымдык достук жана өз ара урматтоо байланыштырган. Биз Монголияны маанилүү өнөктөш катары карайбыз жана кызматташууну кеңейтүүдө чоң потенциалды көрөбүз. Кыргыз Республикасы инвестициялык климатты ырааттуу жакшыртып, биргелешкен долбоорлорду ар тараптуу колдоого даяр», — деп белгиледи Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чараларга өзгөчө көңүл бурулуп, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдардын кабыл алынышы, ошондой эле «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун иштелип жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, 2025-жылдын июль айында Монголия Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын алкагында жеңил текстиль жана кайра иштетүү өнөр жайларында биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү перспективалары талкууланды. Ошондой эле Кыргыз-Монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу, анын ичинде биргелешкен бизнес-миссияларды жана инвестициялык иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти..

Бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг мырза менен жолугушту.