Корея Республикасы делегациясы менен Ысык-Көлдө туристтик-ден соолук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду талкуулоо жолугушуусу

Корея Республикасы делегациясы менен Ысык-Көлдө туристтик-ден соолук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду талкуулоо жолугушуусу

 

2025-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов Корея Республикасынан келген делегация менен жолугушуу өткөрдү. Делегациянын курамына Dohwa Engineering Co., Ltd жана Keysight Architecture LLC компанияларынын өкүлдөрү кирди.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкан, жалпы аянты 35 гектарды түзгөн жер тилкесинде туристтик-ден соолук комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу алкагында өттү. Бул участок «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун каршы бетинде, Тору-Айгыр–Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында, пландаштырылган «Тамчы» атайын каржылык-инвестициялык аймагынын (АКИА) чегинде жайгашкан.

Түштүк кореялык тарап шаардык пландоо, долбоорлоо, инфраструктура, мастер-план иштеп чыгуу, техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо жана долбоорлорду башкаруунун финансы-экономикалык моделдерин иштеп чыгуу боюнча алдыңкы адистерден турган профессионалдык команда менен сунушталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бул долбоор Кыргыз Республикасына түз инвестицияларды тартууда жана өлкөнүн региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын белгилешти.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов белгилегендей, «Тамчы» атайын каржылык-инвестициялык аймагы өзгөчө укуктук макамга ээ болот. Анын резиденттери үчүн салыктык жана укуктук жеңилдиктер каралат, ошондой эле эл аралык каржылык стандарттардын жана жалпы (англиялык) укуктун элементтери киргизилет.

Dohwa Engineering Group компаниясынын вице-президенти, PhD даражасына ээ Жонг Квангсуб мырза жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн компания бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи. Ошондой эле ал бул кызматташтык туруктуу туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүүдө жаңы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн ачарын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун концепциясын деталдуу иштеп чыгуу жана аны практикалык ишке ашыруу боюнча андан аркы кадамдарды макулдашуу үчүн мындан ары да тыгыз кызматташтыкты улантуу ниетин тастыкташты.