Кара-Суу районундагы интеграцияланган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча жолугушуу

Кара-Суу районундагы интеграцияланган инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча жолугушуу

 

Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Ош облусунун Кара-Суу районунда ишке ашырылуучу ири интеграцияланган долбоордун уюштуруучусу болгон «Вэньц Компани» өкүлдөрү менен жолугушту.

Инвестициялык консорциум курамына эл аралык алдыңкы компаниялар — Qiyan Holdings Limited, «Ухай» компаниясы жана Bitmain Technology Ltd. — кирип, алар көмүр казып алуу, энергетика жана интеллектуалдык эсептөө технологиялары боюнча кеңири тажрыйбага ээ.

Долбоордо ири көмүр шахтасын, бир нече жылуулук электр станцияларын куруу, интеллектуалдык эсептөө борборунун инфраструктурасын түзүү жана эсептөө жабдууларынын интеллектуалдык тармагын жайгаштыруу каралган.

Жолугушуу учурунда долбоорду ишке ашыруунун негизги параметрлери, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүн болгон механизмдери жана мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.

Равшанбек Сабиров белгилегендей, Кыргызстан ири инвестицияларды тартуу үчүн заманбап укуктук механизмдерди жана институционалдык инструменттерди туруктуу бекемдеп, өнөр жайды, энергетиканы жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп келет.

Аймак үчүн долбоордун социалдык-экономикалык маанисине өзгөчө көңүл бурулду: жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүштүк жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, Ош облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана Борбор Азияда жаңы технологиялык кластерди калыптандыруу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташууну улантуу жана кийинки процедуралык кадамдарды даярдоого киришүү боюнча макулдашышты.