Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына жүргүзүлгөн көчмө мониторинг

Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына жүргүзүлгөн көчмө мониторинг

 

Инвесторлор менен иш алып баруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана Акбашат районунун акимиатынын өкүлдөрү менен биргеликте «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКсына таандык мунайды кайра иштетүүчү заводго барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Иш-чара компаниянын жана инвестор Кытайдын Шэньси көмүр-химия корпорациясынын расмий чакыруусунун негизинде, иштеп жаткан заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышуу максатында уюштурулду.

Жылына 800 000 тонна кубаттуулуктагы мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» ЖЧКсынын ортосунда кол коюлган Инвестициялык макулдашуунун, ошондой эле инвестиция көлөмүн 193,75 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүнү жана долбоорду 2026-жылдын 31-июлуна чейин аяктоону караган Кошумча макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда.

Сапардын жүрүшүндө катышуучулар курулуш-монтаждоо иштеринин учурдагы этабы жана өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээли менен таанышышты.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү долбоордун аймактын өнөр жайын өнүктүрүүдөгү, мунайды кайра иштетүүнүн тереңдигин жогорулатууда, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдө маанилүүлүгүн белгилешти.