ИУА Yapi Merkezi түрк холдинги менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселелерин талкуулады

ИУА Yapi Merkezi түрк холдинги менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселелерин талкуулады

Бүгүн, 10-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Yapi Merkezi түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн жана Кыргыз жашыл инфраструктура фондунун жетекчилигинин катышуусунда жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк тарап темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана тоннелдерди куруу боюнча эл аралык тажрыйбасын тааныштырып, колдонулуп жаткан технологияларды фонддун «жашыл» талаптарына ылайыкташтырууга даяр экендигин билдирип, тараптар экологиялык туруктуу инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы стратегиялык өнөктөштүктүн келечегин, анын ичинде транспорт жана энергетика тармактарын «жашыл» технологиялар аркылуу модернизациялоого багытталган долбоорлорду каржылоо механизмдерин талкуулашты.

Ошондой эле инвестицияларды тартуу, техникалык тажрыйба алмашуу жана Кыргыз жашыл инфраструктура фондунун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу туруктуу каржылоо каналдарын түзүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында Yapi Merkezi компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирип, жагымдуу инвестициялык климатты жана туруктуу өнүгүүнүн эл аралык стандарттарын киргизүүгө даярдыктарын айтышты.