Инвесторлордун даттанууларын кароо жана алардын укуктарын институционалдык коргоону күчөтүү боюнча чаралар тууралуу

Инвесторлордун даттанууларын кароо жана алардын укуктарын институционалдык коргоону күчөтүү боюнча чаралар тууралуу

Инвесторлордун даттанууларын кароо тартиби 2022-жылдын 28-январында бекитилгенден тартып 2026-жылдын январь айына чейин Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке (мындан ары – Улуттук агенттик) 63 даттануу келип түшкөн. Анын ичинен 61 даттануу каралган.

2022–2024-жылдар аралыгында 35 даттануу, 2025-жылдын 12 айында 24 даттануу жана 2024-жылдан өткөн 2 даттануу каралган.

Улуттук агенттик инвесторлорду төмөнкү маселелерди чечүүдө коштоп келет:

  • салык органдарынын аракеттерине байланыштуу (салыктарды кошумча эсептөө);
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер тилкелерин берүүдөн же ижара мөөнөтүн узартуудан баш тартуу;
  • укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөр жана башка маселелер.

Белгилей кетүүчү нерсе, Улуттук агенттик тарабынан укуктук консультациялар берилип, колдонуудагы мыйзамдардын нормалары түшүндүрүлүп келет. Бул инвесторлорго жаралган маселелер боюнча өз убагында туура чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, бөлүм тарабынан инвестициялык келишимдерге экспертиза жүргүзүлүп, алардын мыйзамдарга шайкештиги жана тараптардын кызыкчылыктарынын корголушу камсыздалууда, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылар каралууда.

2025-жылдын 12-майында Улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын «Инвесторлордун даттанууларынын реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына интеграцияланды. Бул инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатып, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун арттырды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгына ылайык кабыл алынган «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» Доктринасынын (Уңгужол) алкагында жана «Инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана жагымдуу инвестициялык климат түзүү максатында, 2025-жылдын 30-октябрында Бишкек шаарында Улуттук агенттик тарабынан ачык диалог уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык жана ишкердик чөйрөнү жакшыртуу, инвесторлордун укуктук корголушун өркүндөтүү жана мамлекет менен бизнес ортосундагы ишенимди бекемдөө чаралары талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын өкүлдөрү жана бизнес-ассоциациялар катышты.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн ортосунда үч тараптуу кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Бул документ мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.

Меморандумга кол коюлгандан кийин катышуучулар тиешелүү мамлекеттик органдарды бизнес жүргүзүү үчүн туруктуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон шарттарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга чакырышты.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-декабрындагы №359 «Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынды. Жарлыкка ылайык инвестицияларды мамлекеттик башкаруунун сапаттык жаңы модели аныкталды. Улуттук агенттиктин статусунун жогорулатылышы өлкөдө инвестициялык процесстерди стратегиялык башкарууга жооп берген бирдиктүү компетенция борбору түзүлгөнүн билдирет.