Инвесторлор үчүн «Бирдиктүү терезе» механизмин иштеп чыгуу

Инвесторлор үчүн «Бирдиктүү терезе» механизмин иштеп чыгуу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн «бирдиктүү терезе» механизмин инвестицияларды тартуу программасын ишке ашыруунун алкагында иштеп чыгууда.

Бул демилге бизнес менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Инвесторлор негизги кызматтарды жана долбоорлорду коштоо кызматтарын бирдиктүү өз ара аракеттенүү системасынын алкагында ала алышат.

Системага киргизүүдө жол-жоболорду бирдикке келтирүү, процесстерди санариптештирүү жана консультациялык колдоо көрсөтүү каралууда. Бул арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартууга жана административдик тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк берет.

«Бирдиктүү терезе» механизмин киргизүү инвесторлор үчүн ыңгайлуу жана ачык шарттарды түзүп, өлкөгө инвестиция тартууну күчөтүүгө өбөлгө түзөт.