Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияны коргоо боюнча ачык диалог

Инвестициялык климатты жакшыртуу жана инвестицияны коргоо боюнча ачык диалог

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 «Улуттук рух – глобалдык бийиктиктер» доктринасы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана «Инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттик тарабынан уюштурулган Ачык диалог болуп өттү. 2025-жылдын 30-октябрында Novotel Bishkek мейманканасында өттү.

Жыйында жагымдуу инвестициялык жана бизнес чөйрөсүн түзүү, инвесторлорду укуктук жактан коргоону жакшыртуу, мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди бекемдөө боюнча чаралар талкууланды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин катчылыгынын, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери катышты.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышты: Р.А. Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору, Б.Т. Маатов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары.
Иш-чаранын негизги жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн ортосунда мамлекеттик органдар менен бизнестин өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө багытталган үч тараптуу кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу болду.
Меморандум мамлекеттик органдар менен бизнестин ортосунда конструктивдүү диалогду жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, инвесторлорду укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө жана өлкөнүн инвестициялык чөйрөсүнө ишенимди бекемдөөгө багытталган.
Макулдашууга кол коюу туруктуу экономикалык өсүшкө көмөктөшүүчү жана Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуучу ачык-айкын жана болжолдуу инвестициялык саясатты өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.