Инвестициялык долбоорлорду талкуулоо боюнча жолугушуу



Бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров “Кыргыз жашыл инфраструктура фонду” коомдук фондунун президенти Южел Акдениз башында турган Нидерланд, Түркия жана АКШдан келген делегация менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегация Кыргызстандагы заманбап жана экологиялык өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган эки инвестициялык долбоорду сунуштады.
Долбоор Балыкчы шаарында күн электр станциясын (КЭС) курууну карайт, ал улуттук энергосистемада кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган, жана экинчи долбоор Нидерландиялык Van der Hoeven компаниясына таандык жогорку технологиялуу фабрика–күнөсканасын түзүүнү көздөйт, ал алдыңкы агротехнологияларды киргизүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун негизги техникалык, экономикалык жана уюштуруучулук аспектилерин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүн болгон формаларын, инфраструктуралык камсыздоо маселелерин, ошондой эле зарыл документтерди даярдоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Равшанбек Сабиров сунушталган демилгелерге кызыкдар экендигин билдирип, КРП ИУА аларды Кыргыз Республикасынын аймагында алга жылдырууга жана ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
КРП ИУА бул долбоорлорду өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, алдыңкы технологияларды тартууга жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым катары карайт.