«Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес» форуму








Бүгүн, 15-декабрда, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес» аталышындагы форумду өткөрүүдө.
Форумдун расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, анын мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы конструктивдүү диалогду чыңдоодогу ролун баса белгиледи.
Иш-чара мамлекеттик инвестициялык саясаттын актуалдуу багыттарын ачык талкуулоого, ошондой эле мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулук жана эл аралык өнөктөштөр ортосунда конструктивдүү диалогду түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, форум инвестициялык климатты чыңдоого, мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүүгө жана реформаларды жүргүзүүдө макулдашылган ыкманы калыптандырууга көмөк көрсөтөт.
«Борбор Азиядагы инвесторлор үчүн эң заманбап укуктук системалардын бири калыптанды. 2025-жылдын август айында “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” жана “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” жаңы мыйзамдар кабыл алынды. Бул мыйзамдар эл аралык стандарттарга ылайык келип, инвестицияларды коргоону кепилдейт.
Бүгүнкү Форумду өткөрүү мамлекет, бизнес жана эл аралык коомчулук ортосунда туруктуу ачык диалог механизмин ишке киргизүүнүн баштапкы чекити болуп саналат. Дипломатиялык корпусунун, эл аралык финансы уюмдарынын, алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана инвесторлордун катышуусу жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишенимди айгинелейт. Биз инвесторлорду жана бизнес-коомчулукту мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, эркин экономикалык аймактарды жана түз инвестицияларды күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы калыптандыруунун узак мөөнөттүү жана ишенимдүү негизи катары кароого чакырабыз. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик бул жолдо сиздердин ишенимдүү өнөктөшүңүз жана жол көрсөтүүчүңүз болууга даяр», — деп белгиледи, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Форум мындай форматта биринчи жолу өткөрүлүп, ага инвестицияларды тартуу маселелерине жооптуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, эл аралык өнөктөштөр, бизнес-коомчулук, банк секторунун өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышууда.
Форумдун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат. Бул иш-чара Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу үчүн маанилүү диалогдук аянтча болуп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.