Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин түрк консалтингдик тобунун жетекчиси менен жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев Түркиянын консалтингдик тобунун жетекчиси Халит Эрен менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы, учурдагы преференциялар, бажы жеңилдиктери жана чет элдик инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары талкууланды.
Тараптарга экономиканын приоритеттүү тармактары, жеткиликтүү инфраструктуралык долбоорлор, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлорду «бирдиктүү терезе» принциби аркылуу коштоо механизмдери боюнча маалымат сунушталды.
Халит Эрен Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн жагымдуу инвестициялык климатына жана стратегиялык географиялык жайгашуусуна өзгөчө көңүл бурду.