Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Нооруз майрамын белгилешти
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Улуттук агенттиктин кызматкерлерин алдыда келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров Нооруз майрамы жаңылануунун, тынчтыктын жана ынтымактын символу экенин белгилеп, жамаатка бакубатчылык, иштерине ийгиликтерди жана алдыга коюлган максаттардын ишке ашышын каалап өттү.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Улуттук агенттиктин кызматкерлери Нооруз майрамынын тарыхына жана салттарына арналган тематикалык викторина уюштурушту. Катышуучулар улуттук каада-салттар жана маданий мурастар боюнча суроолорго жооп беришти.
Иш-чара корпоративдик маданиятты чыңдоого багытталып, ошондой эле командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.












