Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы «Стилекс» ЖЧКсынын алюминий профилдерин чыгарган заводдун иши менен таанышты
Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында «Стилекс» ЖЧКсынын ишканасына барды.
Компания алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгарууга багытталган заводдун заманбап өндүрүш линиясын куруп бүтүрүп, пайдаланууга берди. Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук агенттиктин башчысы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу, инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы жана заводдун инфраструктурасы менен таанышты.
Долбоордун алкагында жалпы аянты 10 800 чарчы метрди түзгөн заманбап өндүрүш комплекси түзүлгөн. Анын курамына куйма жана пресс цехтери, боёо линиясы, чийки зат жана даяр продукция кампалары, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, административдик-тиричилик корпусу жана логистикалык аянтчалар кирет. Ишкананын өндүрүш цикли алюминий чийки затын даярдоодон тартып даяр профилдерди чыгарууга чейинки толук технологиялык процессти камтыйт.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 400–1 500 тонна алюминий куймасын жана болжол менен 1 000–1 300 тонна алюминий продукциясын чыгарууга мүмкүндүк берет. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга жалпысынан болжол менен 15 миллион АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылган.
Долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик колдоого өзгөчө көңүл бурулган. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан бул инвестициялык долбоорго мамлекеттик преференциялар берилген. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №503 токтому менен каралган тартипте өндүрүштүк жабдууларды импорттоодо бажы алымдары боюнча жеңилдиктер колдонулган. Көрсөтүлгөн колдоонун натыйжасында ишкана өндүрүштү ыкчам ишке киргизип, заманбап өндүрүш инфраструктурасын түзө алды.
«Бүгүн инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын реалдуу жыйынтыктарын көрүүгө болот. Ишкана өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизип, кубаттуулугун кеңейтүүдө. Мындай долбоорлор өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын заманбап индустриалдык базасын калыптандырууга өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Келечекте компания долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну пландоодо. Анын алкагында кошумча өндүрүш линиясы ишке киргизилип, өндүрүш көлөмүн кыйла көбөйтүүгө, продукциянын түрлөрүн кеңейтүүгө жана ишкананын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга шарт түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик долбоорду мындан ары да коштоп, өндүрүштү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантат.




