Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жолугушуусу болуп өттү

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жолугушуусу болуп өттү

          

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык чөйрөдөгү заманбап, туруктуу жана натыйжалуу ченемдик-укуктук базаны калыптандырууга багытталган кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Тараптар инвесторлордун укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү, инвестициялык жөнгө салуунун туруктуулугун жана алдын ала болжолдоолуулугун жогорулатуу, инвестициялык климатты өнүктүрүү жаатында алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү, инвестицияларды мамлекеттик колдоо инструменттерин, анын ичинде туруктуулукту камсыз кылуучу жана дем берүүчү механизмдерди өнүктүрүү, ошондой эле инвесторлор менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелерин карашты.

Улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана ведомстволук ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик инвестициялык саясаттын максаттарына жана эл аралык стандарттарга, анын ичинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн сунуштарына ылайык келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык мыйзамдарды реформалоо процессинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн эксперттик жана консультациялык колдоосунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү жана өлкөдөгү жеке секторду колдоо багытында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.