Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте МЖӨ тармагындагы жаңы ченемдик актылар талкууланды
Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчумановдун инфраструктураны каржылоо боюнча улук адиси Адити Райна жетектеген Дүйнөлүк банктын миссиясынын, ошондой эле Дүйнөлүк банктын консультанты Эркин Асрандиев менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча түз сүйлөшүүлөр тууралуу Жобонун жана бюджеттик колдоону баалоо методологиясынын долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Аталган документтер жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатууга жана улуттук долбоорлорго сапаттуу жеке инвестицияларды тартууга багытталган.
Мээримбек Койчуманов мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн өткөн техникалык семинардын жыйынтыктары тууралуу маалыматтар менен таанышты. Семинардын алкагында фискалдык көзөмөл механизмдери жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруудагы институционалдык жоопкерчилик маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Улуттук агенттик, МЖӨ борбору жана Дүйнөлүк банктын тобунун ортосундагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.
Жолугушуу Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын учурдагы миссиясынын алкагында өтүп, өнүгүү институттарына техникалык колдоо көрсөтүүгө жана МЖӨ тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө багытталган.


