Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте CSCEC менен инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте CSCEC менен инфраструктуралык долбоорлорго инвестицияларды тартуу маселелери талкууланды

Бүгүн, 24-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China State Construction Engineering Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тараптардын алгачкы жолугушуусу кыргыз делегациясынын Пекин шаарына болгон иш сапарынын алкагында өткөн. Компаниянын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон учурдагы сапары жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен China State Construction Engineering Corporation ортосунда ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктураны, анын ичинде автожолдорду, көпүрөлөрдү жана темир жолдорду куруу жана жаңылоо маселелерине, энергетикалык объекттерди, коммуналдык системаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле кыймылсыз мүлк жана шаарларды комплекстүү өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорго токтолушту. Мындан тышкары, инфраструктуралык курулушта заманбап «жашыл» жана санариптик технологияларды киргизүү маселелери өзүнчө каралды.

CSCEC өкүлдөрү эл аралык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы, анын ичинде «Бир алкак — бир жол» демилгесине катышуусу тууралуу маалымат беришип, кыргыз тарап менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкуулашты. Атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде PPP, BOT жана EPC форматтары каралды.

Компаниянын делегациясын инфраструктуралык курулуш дивизионунун башкы директору, «Чжунцзян Инфраструктуралык курулуш жана өнүктүрүү» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Тянь Цян жетектеди.

«Кыргызстан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда стратегиялык өнөктөштөрдү тартууга кызыкдар. Биз CSCEC менен кызматташууну заманбап технологияларды киргизүү, инвестицияларды тартуу жана өлкөдөгү инфраструктуранын сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү катары карайбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин билдиришип, Кыргыз Республикасында инфраструктураны куруу жана модернизациялоо боюнча конкреттүү долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин белгилешти.