Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Бишкек» ЭЭАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча кеңешме болуп өттү

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Бишкек» ЭЭАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча кеңешме болуп өттү


  

Бүгүн, 19-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн, ошондой эле «Бишкек» ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө «Бишкек» ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү маселелери каралды.

“Биз үчүн „Бишкек“ ЭЭАнын субъекттерин көчүрүү процессинин ачык-айкын жана этап-этабы менен жүргүзүлүшүн, алардын ишинин туруктуулугун сактоо менен камсыз кылуу принципиалдуу мааниге ээ. Мамлекет заманбап инфраструктураны жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Биз бул процессти тиешелүү министрликтер жана резиденттер менен тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу коштоп, алардын кызыкчылыктарын коргоону жана инвестициялык ишмердүүлүктүн туруктуулугун камсыз кылабыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу, уюштуруучулук иш-чаралардын ырааттуулугун камсыз кылууга багытталган макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында көчүрүү процессин уюштуруу боюнча мындан аркы кадамдар аныкталып, мамлекеттин жана ЭЭА субъекттеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен, ошондой эле инфраструктуралык чечимдерди ишке ашыруунун белгиленген мөөнөттөрүн сактоо зарылдыгын эске алып, артыкчылыктуу чаралар белгиленди.