Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен “Цзюйхен кыймылсыз мүлк” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен “Цзюйхен кыймылсыз мүлк” компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

 

Бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Цзюйхен кыймылсыз мүлк» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Макулдашуулардын алкагында компания Кыргыз Республикасынын аймагында бизнес-борборлорду, турак жайларды жана соода борборлорун камтыган көп функциялуу комплекс куруу долбоорун ишке ашырууга инвестиция салууга ниетин билдирди.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ИУА өз ыйгарым укуктарынын алкагында инвесторго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде инвестициялык долбоорду коштоп жүрүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоого даяр экенин ырастады.