Инвестициялар боюнча улуттук агенттик италиялык Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик италиялык Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте италиялык Unimpresa компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Улуттук агенттиктин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты тууралуу презентация жасап, жүргүзүлүп жаткан реформалар, инвесторлорду мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле капитал салуу үчүн артыкчылыктуу багыттар жөнүндө кеңири маалыматтар менен бөлүштү.

Unimpresa компаниясы Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдирип, диалогду улантууга, конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңири иштеп чыгуу максатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жана кошумча консультацияларды уюштуруу тууралуу макулдашышты.