Инвестициялар боюнча улуттук агенттик италиялык тараптын өкүлдөрү менен жолугушту

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик италиялык тараптын өкүлдөрү менен жолугушту

      

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров резиденциясы Астана шаарында жайгашкан Кыргызстандагы Италия элчисинин орун басары, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү италиялык компанияларды илгерилетүү жана интернационалдаштыруу агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-италия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын тереңдетүүнүн келечегин, ошондой эле B5+1 форматындагы биргелешкен иш-чараларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Италия үчүн 15 артыкчылыктуу өлкөнүн катарына киргизилиши эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон жогорку ишенимди жана стратегиялык кызыкчылыкты ырастай турганы белгиленди.

“Кыргыз Республикасы Италия Республикасы менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана түз чет элдик инвестициялардын агымын кубаттайт. Биз инвесторлордун укуктарын ишенимдүү коргоону жана мыйзамдарга, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерге ылайык мамлекеттик кепилдиктерди камсыздайбыз. Кыргызстан узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштөр үчүн ачык жана бизнес жүргүзүү үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр», — деп белгиледи, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Улуттук агенттик инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган институттук жана жөнгө салуучу реформалар, ошондой эле инвесторлорду мамлекеттик колдоо механизмдери, энергетика, өнөр жай, агроөнөр жай комплекси жана инфраструктура тармактарындагы артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.