Инвестициялар боюнча улуттук агенттик испаниялык Solartec World Company S.L. компаниясы менен жолугушуу өткөрдү




Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте испаниялык Solartec World Company S.L. компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, күн электр энергиясын өндүрүү үчүн фотоэлектрдик панелдерди орнотуу, ошондой эле эркин экономикалык аймагында тез тургузулуучу жана экологиялык жактан таза үйлөрдүн комбинатын куруу маселелери каралды.
Өзгөчө кайра жаралуучу энергия булактары тармагына заманбап технологияларды киргизүү, «жашыл» экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана курулуш материалдарын өндүрүүнү локалдаштыруу маселелери талкууланды. Компаниянын өкүлдөрү өздөрүнүн технологиялык чечимдерин тааныштырып, Кыргыз Республикасы менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун кийинки кадамдарын, анын ичинде техникалык параметрлерди иштеп чыгууну, объектилерди жайгаштыруу үчүн аянттарды аныктоо жана инвестициялык келишимдин долбоорун даярдоону баштоо маселелерине токтолушту.