Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Бишкек” ЭЭАдагы авиациялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты

Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышуу максатында “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясына, ошондой эле “Бишкек” ЭЭАсынын Ак-Чий айылында жайгашкан “Heli Sky” ЖЧКсынын өндүрүш объектилерине барды.
Иш сапардын жүрүшүндө Ми-171 жана Ми-8 үлгүсүндөгү тик учактарды техникалык тейлөө борборунун түзүлгөн өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Агенттиктин өкүлдөрү запастык бөлүктөрдүн регионалдык кампасынын инфраструктурасы менен таанышып, долбоордун учурдагы абалы боюнча кеңири маалымат алышты.
“Биз үчүн жөн гана ниеттердин айтылышы эмес, реалдуу түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана так өнүгүү пландары маанилүү. Бул долбоор Кыргызстанда заманбап авиациялык сервис жана окуу борборлорун түзүүгө толук мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүп турат. Мындай демилгелер инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө, адистерди даярдоого жана өлкөнүн технологиялык потенциалын чыңдоого багытталат”, — деди Равшанбек Сабиров.
Борбордун функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландарына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, 2026-жылы Ми-171 тик учагынын авиациялык тренажерин жана интерактивдүү окуу классын жайгаштыруу боюнча жетишилген макулдашуулар тууралуу маалымдалды. Бул пландардын ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын аймагында учкуч курамын даярдоону жана кайра даярдоону уюштурууга мүмкүндүк берип, профилдик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат, ошондой эле чет өлкөлүк инфраструктурага болгон көз карандылыкты азайтат.
Иш сапардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров долбоордун өлкөнүн экономикасы жана авиация тармагы үчүн практикалык маанисин белгиледи.