Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Бин Заед Интернэшнл» компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Бин Заед Интернэшнл» компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Бүгүн, 6-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Бин Заед Интернэшнл» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты, анын ичинде бизнес жүргүзүүнүн учурдагы шарттары, мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле инвестиция салуу үчүн артыкчылыктуу багыттар тааныштырылды.

«Кыргыз Республикасы өз ара пайдалуу кызматташууга жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ачык. Биз инвесторлордун укуктарын коргоого, ачыктыкты жана туруктуулукту камсыздоого өзгөчө маани беребиз, бул узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизи болуп саналат», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушууда инвесторлордун укуктарын коргоо, ишенимдүү кепилдиктерди берүү, ошондой эле ачык жана алдын ала божомолдоого боло турган ишкердик чөйрөнү түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү тууралуу макулдашып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.