Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен “Кыргыз Инвест Сервис” компаниясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен “Кыргыз Инвест Сервис” компаниясы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

2025-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде «Кыргыз Инвест Сервис» ЖЧКсы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Документке Улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жана компаниянын директору Жоро Маматасан кол коюшту.

Бул кызматташтык түздөн-түз чет өлкөлүк, анын ичинде Кытайдан инвестиция тартууга, улуттук жана стратегиялык маанидеги долбоорлорду колдоого багытталган. Тараптар инвестициялык демилгелерди илгерилетүү, бизнес иш-чараларды уюштуруу, инвесторлорду тартуу боюнча аракеттерди координациялоо боюнча биргелешип иштөөнү макулдашты.

Меморандумга кол коюу Кыргызстанда инвестициялык климатты жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.